Сокулукта дагы бир мектеп окуучусу асынып алды

Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы окуучу асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-июнда Новопавловка айылында болгон.

"Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө асынган абалда өспүрүмдүн жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу асынган абалдагы окуучуну көрүшкөн. Алгач маалыматты милицияга маркум баланын туугандары кабарлаган. Анын аты-жөнү такталып, 17 жаштагы Д.А. аттуу Сокулук районундагы мектептердин биринде окуган 9-класстын окуучусу экени белгилүү болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин Чүйдүн Сокулук районундагы Арал айылында 8-класста окуган кыз бакка асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
salimbek87.kg
2019-06-07 18:05:12
тообо кылдым эх жаш омурлор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан