Жоокерлер, жол тандабастар, иттер... Бишкекте милициянын гарнизондук саптык кароосу өттү (фото)

Бүгүн, 8-июнда Бишкектеги эски аянтта Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүнү даярдоонун алкагында милиция кызматкерлери гарнизондук саптык кароодон өтүштү.

Иш-чарага ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, анын орун басарлары жана ИИМдин түзүмдүк башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары катышты. Анда өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматы жана наамына жараша маалыматтардын ылайыктыгы боюнча документтердин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номурлары менен төш белгилеринин, жетондордун бардыгы, кызматтык автоунаалар текшерилди.

Жунушалиев белгилегендей, аталган текшерүү эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды өткөрүүнүн алдында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүү үчүн ар дайым өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.
2019-06-08 10:51:34
Иттер парадтан өтүп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан