Жаза аткаруу кызматы: "Дөө Чыңгыз" деген каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов тери оорусу менен ооруп жатат"

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов №47 түзөтүү колониясында дарыланып жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Дөө Чыңгыздын бир нече адам менен өзгөчө жасалгаланган стол үстүндө отурган сүрөтү бир канча жыл мурун түзөтүү колониялардын биринде катардагы жаза мөөнөтүн өтөп жатканда тартылган.

"Учурда Чыңгыз Жумагулов №47 түзөтүү колониясында дарыланып жатат. Анын диагнозу: аллергиялык дерматит", - деп айтылат маалыматта.

Аллергиялык дерматит - аллергияны козгогон заттын таасиринен улам пайда болгон тери оорусу.

Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип, 11-апрелде ИИМдин тергөө абагына отургузулган. 4-июнь күнү Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, ал 10-августка чейин камакта калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Aidar.001
2019-06-08 11:50:30
Доо (^_^)
0
bond02
2019-06-08 11:51:11
Мейли тери оорусу менен ооруп жатат деп Батукаевдей чыгарып жибергиле.
+4
Shabi
2019-06-08 12:09:12
И туура кыласынар,муну тери оорусу менен ооруп жатат деп чыгарып жиберип,беш жылдан кийин даагы оноон камалгыла.зектин айынан зек болуп.
+8
elchi84
2019-06-08 12:14:13
Ана сага.
+3
ulaAjidar
2019-06-08 12:20:02
Шайлоого жакын чыгат,коро жатабыз..
+10
kechirmeni
2019-06-08 12:21:07
ошондо бир допу (жашыл допу)менен бир нече жыл журобу. ЖАМК дагы аферист экен
+14
kechirmeni
2019-06-08 12:25:51
kechirmeni,прическа деле айтып турат, бир убакта тартылганын
+8
kansuluu
2019-06-08 12:28:47
Биз жаткан оорууканалардан да жакшыго жаткан жери, жакшылап дарылагыла,жакшылап баккыла коркунучтуу адамдарды!
+13
Adi010891
2019-06-08 12:58:35
Кулагым лапшаны которо албай калды урматтуу ЖАМК кызматы!
+14
Azamat_15
2019-06-08 13:46:24
Аны да койо берип дагы 30 чиновникти камагыла тазарабыз
+7
kamchatka
2019-06-08 18:25:02
Адам олтургон кылмышкерди ушинтип жыргатып баканча тирулой майга кууруп жибербейсинерби! канча бала жетим калды олгон балдардын ата энелери ботодой боздоп жатса бир зекти жыргатып шарт тузуп берген бийлик окулдоруно соз жокда
+11
KaGaH
2019-06-08 18:52:38
Көп жылдан бери,бир топу кийип жүрөт экен да Чыке ))
+2
Baku88
2019-06-08 19:23:17
Допусу жакса кийип жүрө берет да канча жыл болсо дагы. Кылмышкерди кылмышы үчүн жазалагыла кийген кийимине жеген тамагына асылбай. Бир чай ичип отурган сүрөтүн таап алып аны талкуулап изилдегиче жаза мөөнөтү бүтөт
-7
Avrora2017
2019-06-09 03:45:44
Baku88,чай ичпей баля ичсин, бул киши олтургучту эчак эле электрический стулга отургузуш керек болчу чайлатып отурбай, жан алгычтар канча адамдын убалына калышты болдукен, териси сыйрылып тушуп калсын маа демектен ХХХХХ
+3
KaGaH
2019-06-09 16:11:34
Baku88,сен анын адвокаты болосуңбу?
+2
warcaw
2019-06-08 19:47:55
Легенда менен любимый соктун срогу айтып эле турат го качан экенин...)))
+7
Pamirlan
2019-06-09 17:28:35
Жакшы шартта олтурушат го,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан