Сүйүнчү! Валентина Шевченко атаандашын нокаутка учуратып, UFC`деги чемпиондук курун коргоп калды (хронология)

Кутман таң, ардактуу спорт сүйүүчүлөрү. Учурда АКШнын Чикаго шаарында "UFC 238" мелдеши өтүп жатат. Жалпы 13 беттеш өтө турган мелдештеги негизги беттештердин бири аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн беттеш болмокчу. Аталган беттеште Кыргыз мушкери Валентина Шевченконун чемпиондук курун АКШлык Жессика Ай талашмакчы. Шевченко өз курун коргоп кала алабы же жокпу бир нече мүнөттөрдөн кийин белгилүү болот.

8:42. Оор салмактагы мушкерлер Тай Туйваса менен Благой Ивановдун беттешинде Иванов жеңишке жетишти.

8:57. Учурда Пётр Ян - Жимми Ривера беттеши өтүүдө.

9:10. Биринчи раунддун алгачкы мүнөттөрүндө АКШлык Ривера активдүүлүк көрсөтүп жатканы менен акыркы секунддарда орусиялык Ян бир нече соккуларды узатып, атаандашын нокдаунга учуратты.

9:16. Калыстардын бирдиктүү чечими менен орусиялык мушкер Пётр Ян жеңишке жетишти.

9:34. Учурда 2 АКШлык мушкер Тони Фергюсон менен Дональд Серроненин беттеши башталууда.

9:48. Алгачкы раундда 2 мушкер тең дээрлик бирдей активдүүлүк көрсөтүүдө. Фергюсон сокку урганга басым жасаса, Серроне көбүрөөк таамай тийгизди.

9:58. Серроненин көзү шишип кеткендигине байланыштуу дарыгерлер ага беттешти улантууга уруксат берген жок. Жыйынтыгында техникалык нокаут менен Тони Фергюсон жеңишке жетишти.

10:05. Кыргыз күйөрмандары көптөн көп күткөн Шевченко - Ай беттеши башталуу алдында турат.

10:09.Кыргыз өлкөсүнүн жана Перунун желегинин коштоосунда Валентина Шевченко октагонго чыгып келе жатат.

10:14. Шевченко - Ай беттеши башталды. Залдан кыргыз желегин көтөрүп кыргыз мушкерине жан тартууга келген күйөрмандарды көрүүгө болот.

10:19. Биринчи раунд жыйынтыкталды. Беттешти толугу менен Шевченко көзөмөлдөп, 2 жолу атаандашын жыгып алууга жетишти.

10:21. Бүттү! Шевченко АКШлык атаандашын бетине тээп нокаутка учуратты. Жыйынтыгында беттеш токтотулуп, Кыргыз мушкери чемпиондук курун коргоп калды.

10:28. "Мекеним Кыргыз өлкөсүнө жана бүтүндөй КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем" деген Шевченко лезгинка бийин бийледи.

UFC:Валентина Шевченко-Жессика Ай
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
TalaCSKA
2019-06-09 10:35:53
Джессика олуп калдыбы дегем Валя тепкенде тируу экен )))) азаматсын Валя !!! биздин сыймыгыбыз! Кыргызстанды унутпай дуйного даназалап журо бер.
+3
nurbek11
2019-06-09 10:36:59
Азаматсын Валя ошол жерде да Кыргызстандын желегин желбиретти. Кыргызстан элине да озгочо чон ыраазычылыгын билдирип кетти. Азаматсын
+7
u02u02
2019-06-09 10:44:13
Раим... Алмазбектерден тажадык эле жакшы жанылык деле чыгат экенго
+10
tynar92kg
2019-06-09 10:45:14
Азамат Валя куттуктайм!!! Сенин женишин биздин женишибиз
+6
salimbek87.kg
2019-06-09 10:45:46
азаматсын
+5
Nada
2019-06-09 10:57:17
Азаматсың Пуля биз сен менен сыймыктанабыз. Алга Кыргызстан алга Валя
+3
bek-94
2019-06-09 11:21:52
Азаматсын Сары кыз
+1
Kylychisa
2019-06-09 11:33:11
Валя секин теппединби жаткыра койбой )))
+1
talas0707
2019-06-09 11:40:25
Азамат!
+1
monok2001
2019-06-09 11:40:35
Тони Фергюсонго чемпиондук беттеш берилсин.Дэйна Уайт
+2
ilgiz-kg01
2019-06-09 13:12:38
Болсун Болсун берели суйуунчуну
0
bek_tash
2019-06-09 14:49:18
Ай красавчик!!!
0
Agayu
2019-06-09 21:41:47
Валентинадай болсо е биздин кыздарыбызда спорт тармагында болбосо да эл жэр учун патриот болушса жонокойлук болушса .Валентина азаматсын !!!
+1
erjigit-e.15
2019-06-10 12:04:15
Азаматсын Валя
0
Sajakat14
2019-06-10 13:09:31
Азамат Валентина Шевченко! ☀️
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан