Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү эртең мененки саат 7:00дө башталып, кечки 20:00гө чейин уланат. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, өлкөнүн ар кайсы участкаларында жана чет өлкөдөгү тийиштүү жайларда добуш берүү жүрүп жатат. Эң биринчи добушту Япониянын Васэда университетинде окуп жаткан Ильяс Курмангали аттуу казак студенти бергени айтылууда.

Бул ирет президенттикке 7 талапкер ат салышууда. Алар:

  • Жамбыл Ахметбеков - Элдик коммунисттер партиясы;
  • Дания Еспаева - "Ак жол" партиясы;
  • Амиржан Косанов - "Улуттун тагдыры" улуттук-патриоттук кыймылы;
  • Толеутай Рахимбеков - "Ауыл" партиясы;
  • Амангелды Таспихов - Казакстан профсоюздар федерациясы;
  • Касым-Жомарт Токаев - "Нур Отан" партиясы;
  • Садыбек Тугел - "Улуу талаа кыраандары" коомдук бирикмеси.

Нурсултан Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкарган. Ал ушул жылдын 19-мартында отставкага кеткенин түз эфир аркылуу маалымдаган. Ошондой эле ал парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу президенттин милдетин аткарарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aliya-leyla
2019-06-09 14:06:37
Нур Отан алат
0
Farra16gsin
2019-06-09 15:03:36
Токаев утатта уже белгилүүда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан