"Жайыттар каралбай тикенек басып турат, жайыт комитети эмне иш аткарып жатат? деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Мухтарбек Айнакулов билдирди.
Комитет жыйынында “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат аны колдой турганын айтып, жайыт комитети кандай иш аткарарына кызыкты.
"Жайыт комитети өзүнчө бөлүнгөнүнө канча жыл болду? Эмне иш алып барып жатканыңарды, кандай жылыш болуп жатканы боюнча силер кимге отчёт бересиңер? Бүгүнкү күндө бул боюнча маселе көп, жайыттар каралбай, тикенек басып турат. Ага бөлүнгөн акча кайда жумшалып жатат? Муну көзөмөлгө алуу үчүн айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү керек. Себеби бүгүнкү күндө жайыттар такыр эле кароосуз калды. Кимиси башкарып жатат белгисиз, эмне болуп жатканы түшүнүксүз. Жайыт комитетин тартипке келтирүү керек", - деди депутат.
Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев: "Мыйзам 2009-жылы кабыл алынган. Туура айтасыз, отчёт берип туруш керек" деди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун 2-окууда жактыруу боюнча комитеттин чечими кабыл алынды.