Бишкектеги Эмен сейил багында 3-августтан баштап балдар үчүн “Оюн бекети” аттуу долбоор иштей баштайт. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара жаш балдарды сыналгыдан, компьютердик оюндардан алаксытуу максатында уюштурулмакчы. Аталган сейил бакта балдар ар кандай оюндарды ойношуп, дүйнө элинин ар түрдүү оюндары менен таанышышмакчы. Долбоор август, сентябрь айларынын ишемби жана жекшемби күндөрү уланып турмакчы. Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен "Аяй Медиа" тобу уюштуруп жаткан оюнга катышуу бекер болмокчу.