"2016-жылы Эсептөө палатасынын жаӊы курамы келгенде өкмөт кошумча 40 штат бирдигин ачуу жөнүндө токтом кабыл алган, ал азыркыга чейин аткарылбай келет" деп бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, техникалык кызматчыларды кошпогондо азыркы учурда 206 штаттык бирдик бар. "Мындан 5-10 жыл мурда мамлекеттик бюджеттин көлөмү аз болчу. Ошондо деле азыркыдай штат бирдиги иштечү. Штат бирдигин ачуу боюнча өкмөттүн токтомунун азыркыга чейин аткарылбай келиши каржы тартыштыгынан улам болсо керек", - деди ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаров кошумча штат бирдигин ачуу маселеси Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен чечиле турганын айтты.