Аксыда эки айыл өкмөтү бир жайытты талашып жатат

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки айыл өкмөтү бир жайытты талашып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Рада Туманбаева билдирди.

Комитет жыйынында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

"Аксы районунда Кара-Суу жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрү бир жайытты талашып жатат. Айылдар жакын жайгашкан, балдар окуган мектеби да бир. Эки айылдын ортосундагы жайыттын талашка түшкөнү боюнча тиешелүү мекемелер чекит коюшу керек", - деди депутат.

Буга өкмөттүн өкүлү: "Бул маселе боюнча 4-июнь күнү жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Мыйзам чегинде кандай болуу керектиги айтылып, кеп-кеңештер берилди. Маселе атайын комиссия өкүлдөрүнүн катышуусу менен чечилет", - деди.

“Бул жерде кеп-кеңеш бербей эле, чекит коюп койсоңор болмок”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
salimbek87.kg
2019-06-10 16:25:51
чек араны баткендеги ушинтип чекит койуп чечип бере алар бекен бийликтегилер
0
NurbekKG
2019-06-10 19:05:29
Рада Туманбаева депутат эжебиз жакшылап маалымат алып, анан чыгып сүйлөбөптүр. Эки айыл өкмөттүн ортосундагы аралык 180 км болсо, анан кантип окуучулары бир мектепке барып окушат. Уят ЖК депутаттарынын билип билбей сүйлөгөнү.
0
molorbaev
2019-06-10 19:51:24
4-июнь куну откон жыйында эч нерсе чечилген жок. Бир эле Кара-Суу жана Уч-Коргон айыл аймактары эмес, Кара-Суу жана Ак-Суу, Ак-Жол жана Уч-Коргон айыл аймактарынын ортосунда да талаш бар. Жайыт департаментинин, райондук госрегистрдин айтуусу боюнча маселе чечилип калбайт. Талаш маселелерди тээ башынан бери кароо керек. Окуньсу, Муз-Тор, Кум-Бел жана Жол-Бакан, Кок-Кыя жайлоолорун Уч-Коргон жана Ак-Суу айыл окмотторуно тиешелуу кылып коюу менен маселе чечилмек тургай, убакыттын отушу менен
0
molorbaev
2019-06-10 19:53:38
курчуй берет. Чатак басылбайт. Андыктан, жайыттарды географиялык жакын жайгашкан айыл аймактарына беруу керек. Жайыттын инфраструктурасын алардан болок эч ким жакшы карай албайт, эч ким алардай куйо албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан