Балыкчы шаардык мэриясы: "Оодарылган батуттун ээсине буга чейин да эскертүүлөр берилген. Анын уруксат кагазы жок"

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында шамалдын кесепетинен оодарылган батутту орноткон адамга аны алуу боюнча буга чейин мэрия тарабынан эскертүү берилген. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 142-берене "кокустуктан денеге оор залал келтирүү" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда териштирүү иши башталды.

"Балыкчы шаарынын тургуну 8-июнда көп кабаттуу үйдүн короосуна батут орноткон. Бирок анын эч кандай уруксат кагазы болгон эмес. Буга чейин дагы мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери батутту жыйнап алып, тургунга эскертүү берген. Бирок ал кайра 8-июнда орнотуп алган", - деди басма сөз кызматы.

Окуя 9-июнда Соң-Көл кичи районунда болгон. Анда катуу шамалдан батут оодарылып, ооруканага 7-8 бала кайрылган. Жабыркагандардын арасында бир тууган эже-сиңдилер бар. 2012-жылы туулган А.Б. аттуу кыздын буту сынган. Ал эми анын 2016-жылы туулган А.Б. аттуу сиңдиси башынан катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалы оор болгондуктан Бишкектен санавиация менен балдар дарыгери чакыртылган.

Балыкчыда батут оодарылып 2 кыз жабыркады. Ал уруксатсыз иштетилгенби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан