Талас. Талас районунун Көк-Ой айылында тизмеден өздөрүн таппай калгандар болду
КРнын Акыйкатчысынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева шайлоого байланыштуу мыйзамга жатпаган факты менен бөлүштү. Ал: “Облуста мыйзам
бузуулар түшкө чейин катталбаганы менен, Талас районуна караштуу Көк-Ой
айылындагы аттуу-баштуу адамдар тизмеге киргизилбей калганын кабарлашты. Алар аталган айылда көп жылдан бери жашап келишсе да, тизмеден аты-жөндөрүн таппай убара болушту”,- деп билдирди.