Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кыз узатуу тойдон алып келген кешиктин этин жеп, 19 адам ууланды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ооруканасынын директору Эркинбай Урманаев SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 9-июндан 10-июнга караган түнү таңкы саат 05:00 чамасында ооруканага 2 адам "Тез жардам" кызматы менен алынып келген. Аларга дароо жардам көрсөтүлүп, бири жандандыруу бөлүмүнө, экинчиси жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
"Бүгүн, 10-июнь күнү саат 15:00 чамасында бейтапканага 10 адам кайрылды. Алардын арасында бир жашка чыккан 1 наристе жана 5 өспүрүм бар. Булардын баары жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды. Ал эми дагы 7 адамга амбулатордук жардам алып, үйлөрүндө дарыланышууда. Бизге кайрылган адамдардын баары ууланышкан. Азыр бир саат мурун жандандыруу бөлүмүндө жаткан эркек кишинин абалы турукташып, палатага которулду. Учурда дарыгерлер тийиштүү иштерди жасап жатышат", - деди Урманаев.
Ошондой эле дарыгер уулангандар кешикке деп алынып келген этти жешкен соң өздөрүн жаман сезип башташкандарын кошумчалады.
"Бизге жеткен маалыматтар боюнча кечээ, 9-июнда Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну өзүнүн карындашын турмушка узатып, андан соң кошуналарына кешикке келген эттен ооз тийгизген. Тойдон келген этти жеген коңшулар ошол түнү өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан", - деди ал.