Бишкектин Манас кең көчөсүнө айнектен жасалган аялдамалар орнотулду

Бишкектин көчөлөрүнө айнектен жасалган 8 аялдама орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айнек аялдамалар төмөнкү жерлерге орнотулган:

Манас - Чүй кең көчөлөрүнүн кесилишине;

Манас - Токтогул Сатылганов көчөлөрүнүн кесилишине;

Манас - Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарабына;

Мамлекеттик каттоо кызматынын аялдамасынын чыгыш жана батыш тарабына;

Чыңгыз Айтматов - Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш тарабына.

Аялдаманын бардык материалдары Түркия өлкөсүнөн алынып келинген. Манас кең көчөсүнүн калган бөлүгүнө айнек аялдамалар экинчи этапта орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Shef87
2019-06-11 22:02:25
Эээмиби
-3
Welcome.
2019-06-11 22:14:30
Сонун, бирок баягы мырктар сындырып кетпесин
+4
Agayu
2019-06-11 22:19:06
Күндүгө ШОС , В Путин келип турса е Кыргызстан бир айда онолотго чиркин !! Бирок бети калындар да бар тоготпой калат..
+6
Kyrgyz_bloger
2019-06-11 22:40:10
Самитке эле анан Манас проспектине эле эмес баардык жака койсо жакшы,дагы бир жаман адат ошол аялдамаларга жарнактарды жабыштыргандарды токтотуш керек.
+3
Berlin_86
2019-06-11 22:53:02
Урматтуу кабарчылар маалыматты туура бергенге уйронбойсунорбу же болбосо билген адамга жаздыргылачы "Манас-Ахунбаев" эмес "Ч. Айтматов кен кочосу менен Ахунбаев" деп жазсанар туура болот же Бишкектеги кочолордун аттарын билбейсинерби.Сураныч ондоп койгулачы уят болбой.
+3
shergazy9
2019-06-11 23:32:28
Кооз,камера кошо койбосо сындырып кете беришет,сындыргандарды толотуш керек
+1
zheko
2019-06-12 00:13:33
Канча күн талкаланбай турат экен эми , же бүгүн түнү эле талкалап кетишеби ?
+1
eddi.
2019-06-12 11:13:30
Жакшы жаңылык бирок,колу сынгырлар сындырып кетпесе болду
+1
zhykyo
2019-06-12 12:40:15
Мурун артына чыга калып тукуруп ийчу элек корунбойт деп эми тукуро албай калат турбайбызбы жакшы жакшы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан