Бүгүн, 12-июнда Кыргыз өлкөсүнө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга расмий иш сапары менен келди.
Кыргыз мамлекетинде эл аралык масштабдагы иш-чаралардын өтүүсү күтүлүүдө. Бишкек шаарында 13-14-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт.
Ошондой эле 14-июнь күнү Кыргыз өлкөсүнө Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин расмий сапары менен келүүсү күтүлүүдө. Ал эми эртең, 13-июнда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин келиши күтүлүп жатат.
Айта кетсек, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргыз мамлекетине алгачкы жолу иш сапары менен келди.