Палестина менен болгон оюнда мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалана алган жокпуз. Мындай пикирин футбол боюнча Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тең чыгууга карабай оюн абдан кызыктуу болду.
"Оюндан кийинки эмоциябыз аябай деле жакшы эмес. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек эле. 2:0гө утуп келе жатып тең чыгууга жол берип койдук. Өзүбүз түзгөн голдук абалдарды толук пайдалана алган жокпуз. Бирок жалпылап айтканда оюн кызыктуу болду.
Бүгүнкү оюндун тактикасын атаандашка карап, ага жараша түзүүнүн кереги жок болчу. Анткени жолдоштук беттеште эксперименттерди жүргүзүп, команданын мүмкүнчүлүктөрүн сыноо керек. Экинчи таймда оюндун тизгинин атаандашка берип койдук деп айта албайм. Биз беттешти алгачкы таймдагыдай эле улантып жаттык. Бирок көбүрөөк катачылыктарга жол берип койдук. 2:0 эсебин сактап калууга мүмкүн болчу, болгону толугу менен коргонууга ыктап эмес.
Бул оюн бир гана жаштар үчүн эмес, бардык футболчулар үчүн даярдык болду. Курама команда көптөн бери ойной элек болчу, ошондуктан кайсы оюнчу кандай физикалык абалда экенин көрүшүбүз керек. "Ак шумкардын" катарында ойноого эч кимге кепилдик берилбейт. Бизде ким көбүрөөк оюнга даяр болсо ошол гана ойнойт", - деди Крестинин.
Кыргыз өлкөсү менен Палестинанын жолдоштук беттеши кечээ, 11-июнда Бишкек шаарында өттү.