Бишкектеги СИЗО-1де боюнда бар аял эски телефонду уурдаганы үчүн белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурганы аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-июнда акыйкатчы Токон Мамытов СИЗО-1ге барган учурда Б.С. аттуу аял менен маектешкен. Ал буга чейин акыйкатчыга арыз менен кайрылып, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен райондук соттун судьясынын аракеттерине даттанган. Арыз ээси эски телефонду алганы үчүн кармалган. Ал телефонду өз ээсине кайтарып берип, жабырлануучу тил кат да жазып берген. Ошондой эле арыз ээсинин 1 жаш 2 айлык баласы жана 3 айлык боюнда болгон.
Бул уурулук фактысы боюнча Свердлов райондук соту шектүү Б.С.ны 1 айлык мөөнөткө СИЗО-1ге камоо чечимин чыгарган. Судья анын кош бойлуулугун, баласы бар экендигин жана телефондун наркы 10 миң сомго жетпегенин эске алган эмес.
"Бул кылмыш катары эмес Жорук кодекси боюнча каралышы керек эле. Мындан сырткары Б.С.нын арызын кароодо Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына барышып, Б.С. мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашыкча кармалып турганын аныкташкан. Бул арыз боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасына тиешелүү кайрылуу жолдошту", - деп жазылат маалыматта.