ЭЛДИК КАБАР: "Үмүт жаңы конушуна бир эле автобус каттайт. Ал дагы 1 саатка жакын бир жүрөт" дейт окурман

Бишкектин четиндеги Үмүт жаңы конушунун жашоочулары коомдук транспорттун жетишсиздигинен улам барчу жерлерге убагында жетпей жатканын айтышууда. Бул тууралуу аталган конуштун тургуну "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө билдирген.

"Биздин конушка бир гана №22 автобус каттайт. Эл ташыган транспорт каражатын бүгүн 50 мүнөт күттүк. Бала бакчага, жумушка барчулар айла жок Пригородныйга жөө барып, №243, №224 кичи автобустарына отурдук. Бул бир күндүк эле мисал. Тургундар үчүн кошумча линия ачып берсе жакшы болот эле. Буга чейин деле автобус 35 мүнөткө чейин кармалып, балдарыбыз сабактан кечигип калышчу", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-06-13 17:14:45
Сабыр тубу сары алтын.
-1
Nariste...12
2019-06-14 20:32:39
Эми эмне дейбиз.Кошумча маршурт киргизип койсо абдан сонун болмок.Бирок бул Умут конушунун арманын уккан бироо жарым барбы?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан