Бүгүн, 2-августта Бишкектеги Д.Асанов атындагы сейил бакта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 83 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны Десанттар союзунун башчысы, Улуттук Гвардиянын отставкадагы полковниги Табылды Аскарович ачып, бүгүнкү иш-чаранын максаты - Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн 83 жылдыгын куттуктоо жана жаш муундарды патриоттук сезимге тарбиялоо экенин айтты. Улуттук Гвардиянын командири, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, убагында аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков, Улуттук Гвардиянын алгачкы командири Абдыгул Чотбаев жана башкалар катышты. Иш-чарада Ан-2 учагы абага көтүрүлүп, андан 4 аскер парашют менен секиришти. Аба-десанттык аскер бөлүгүнүн ардагерлерине ардак медалдарды тапшыруу аземи болду. Иш-чара “Пантера” атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин күжүрмөн даярдыгын көрүү менен аяктады.