"Банктык эсебимде турган акча жок болуп кетиптир" деген Бишкектин тургуну SUPER.KG порталына кайрылды.
Анын айтымында, эсебинде турган акча 1 жылдан кийин текшергенде жок болуп чыккан.
"Мындан болжол менен 1 жыл мурда "Демир банктагы" эсебимде 14600 сом бар эле. Жакында эле карточкамды банкоматка салсам акча жок болуп чыкты. Эсебимде болгону 111 сом калыптыр. Банкка кайрылып жооп ала албай жатам", - деди шаар тургуну.
Тургундун маселеси боюнча "Демир банк" жабык акционердик коомунун пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Биздин чалуубузга жооп берген кызматкер жетекчисинин кызмат ордунда жок экенин айтып, кийинчерээк байланышуубузду суранды.