"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман "Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз кызы Москва дарыясына чөгүп каза болду" деген билдирүүсүн жиберди.
"Окуя 12-июнда Москва шаарында болгон. Анда кытай ашканасында иштеп жүргөн 18 жаштагы Кыргыз кызы 3-4 кесиптеши менен Москва дарыясына эс алууга барган. Кыргыз кызы суунун терең жерине чейин барып, чөгүп кеткен. Жерине суучулдар, куткаруу кызматкерлери келип, 20 мүнөттөн кийин кыздын денесин суудан алып чыгышты. Чөгүп кеткен кызга биринчи жардам көрсөтүлдү. Бирок ал эсине келбей каза болду", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.