Бүгүн, 14-июнда социалдык тармактардын биринде Жогорку Кеңештин депутаттары Бакытбек Жетигенов менен депутат Канатбек Исаев мушташып кетти деген сөз тарады. Анда чырдын себеби жазылган эмес.
Социалдык тармакта тараган маалыматта окуя мындан эки күн мурун болгону айтылат.
"Канат Исаев эки күн мурун Жогорку Кеңештин борбордук трибунасына чыгып катуу бакылдаган эле. Дал ошол күнү Бакыт Жетигенов депутат Канат Исаевди өз кабинетинде оозу-мурду канжалаганча сабаган. Ошондон бери ал Жогорку Кеңеште көрүнбөйт. Сүрөттөрүн беребиз дешти, колго тийсе жарыялайбыз", - деп жазылат анда.
Бул боюнча Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү жана КСДП фракциясынан депутат Бакытбек Жетигенов менен байланышуу мүмкүн болгон жок, ал эми анын жардамчысы "сиздерден угуп жатам, маалыматым жок экен. Бакытбек Жеңишбекович жолугушууда болчу, телефону ошол себептен өчүк. Маалыматты тактап берейин", - деди.
Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү, "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан депутат Канатбек Исаевдин кабылдамасынан "туура эмес жакка чалып алдыңар" деген жооп болду. Ал эми өзүнүн телефон номуруна байланышуудан азырынча майнап чыга элек жана 2 күндөн бери журналисттер андан башка иш боюнча комментарий ала албай жүрүшөт.
Ал кайсы иш? Эки күн мурда, тагыраагы 12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол эле күнү Канатбек Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айткан.
SUPER.KG порталы маалыматтын чын-төгүнүн тактоо аракеттерин улантат жана тиешелүү тараптардын бул боюнча маалыматын угуп, жарыялоого даяр.