Жалал-Абад. ОИИБи кызматкерлери баасы 100 миң долларлык баңгизат менен тажик жаранын колго түшүрүштү
1-августта Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин бангизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тажикстандык К.А.Ш. аттуу жаранды 4 килограмм баңгизат менен колго түшүрүштү. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмышка шектүү Сузактан, Ош-Бишкек жолунун 572-чакырымынан кармалды. Баңгизаттын баасы 100 000 доллар, аны тажик жараны Ооганстандан алып чыккан. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Тажик жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди.