"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман Бишкек шаарында жөө адамды унаа сүзүп кеткени боюнча кабарлады.
"Бүгүн, 15-июнда саат 8:00 чамасында Чүй менен Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус RХ-300 үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү жолдон бир адамды сүзүп кетти. Жол кырсыгынан жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматы алып кетти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.