Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча отурумга Канатбек Исаев келген жок. Анын депутат менен мушташканы айтылууда

Бүгүн, 17-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өттү. Анда бул комиссиянын 12 мүчөсүнүн 11и келип, Канатбек Исаев гана келген жок.

Буга чейин 12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сөз сүйлөгөн. Ошол сөзүндө "Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн алып келип туруп, КСДПнын тизмеси менен депутат кылды" деп айткан. Исаевдин бул сөзү депутат Бакытбек Жетигеновго даректелгени жоромолдонуп жаткан болчу. Мындан улам экөө мушташып кетти деген сөз тараган.

Бүгүн, 17-июнь күнү Жетигенов эл өкүлү Канатбек Исаев менен мушташпаганын SUPER.KG порталына айтып берди. "Ошол күнү Канатбек Исаевдин кабинетине барганым чын. Мындай эле бир маалыматты тактап алайын деп баргам. Эч кандай мушташ болгон жок" деди ал.

Канатбек Исаев мушташтын болгондугу же болгон эместиги тууралуу комментарий бере элек. SUPER.KG порталы анын пикирин жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан