Жалал-Абадда 7-май күнү оор жаракаттары менен ооруканага түшүп, 13 күн эсине келбей жатып чарчап калган кыздын апасы милицияга тосмо арыз жазып берди. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, кыздын апасы өзүнүн өгөй апасына 2 жашар кызын таштап, Орусияга иштеп кеткенде кырсык болгон. Жабыркаган кыздын өгөй таенеси анын ойноп жатып тепкичтен кулап кеткенин айткан. Кыз ооруканага оор жаракаттары менен барып, 13 күн эс-учун билбей жатып, 20-майда чарчап калган.
"Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кыздын апасы тосмо арыз жазды. Себеби ал ата-энесинин үйүнөн башка бара турган туугандары жана жашай турган жери жоктугун айтты. Ошондой эле кыздын апасына кошуналары кыз чындап эле жыгылып кеткенин, аны өгөй таенеси жакшы эле карап жүргөнүн айтышкан. Мындан улам келин тосмо арыз жазууну туура көргөн окшойт. Ал арызында кийин дагы кызын бул үй-бүлөгө таштап, Орусияга иштеп кетиши мүмкүн экенин жазган. Бул тосмо арыз ачылган ишке тиркелет, бирок эч кандай иликтөөгө таасир бербейт. Бул факты менен иш тергеле берет. Ушул жылдын июнь айынын жыйырмасынан кийин даярдалган экспертизалардын калган жыйынтыгы чыгат. Андан ары иштин чоо-жайы белгилүү болуп, сотко жөнөтүлүп тергөө башталат", - деди басма сөз кызматы.
Окуянын чоо-жайы:
7-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөнү белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланып келген. Анын апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган. Кыздын атасы кыздарына келип кабар албай турганын кыздын апасы айтып чыккан болчу. 20-майда оор абалда жаткан кыз чарчап калган.