Жалал-Абад. Бразилияда өтүүчү кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугуна Жалал-Абад шаарынан Абай Махмуджанов катышат
Сентябрь айында Бразилияда кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугу өтөт. Мелдешке Жалал-Абад шаарынан Абай Махмуджанов катыша турганын 2-августта шаардагы №1-спорт мектебинин жетекчиси Алишер Акимбаев билдирди."Абай аталган мелдеште 57 килограммдык салмакта беттеш өткөрөт. Ал 2009-жылы Ялта шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткан. Учурда мелдешке даярданып Арсланбап жайлоосунда машыгууда",- деди машыктыруучу.