Ош облусунун Араван районунда каналга түшүп кеткен 2 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя 20-июнь күнү саат 13:50 чамасында Нур-Абад айыл аймагынын Кайрагач-Арык айылында болгон. Анда Түштүк-Фергана каналына 1 эркек жана 1 аял сууга түшүп кеткен. Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн Араван райондук №64 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 15 куткаруучу, куткаруу отрядынан 7 куткаруучу, жалпы ӨКМдан 22 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер тартылган, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 21-июнь күнү издөө иштери улантылат. ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбек Республикасынын ӨКМсына издөө иштерине жардам көрсөтүү жөнүндө кат жолдонгон.