13:00гө карата Чүй облусу боюнча шайлоонун жыйынтыгы
Чүй облусу боюнча 5 шаардык кеңешке жүрүп жаткан шайлоонун саат
13:00гө карата жыйынтыгы белгилүү болгонун БШКнын сайты маалымдады.
Алсак, Кайыңды шаары боюнча 3810 шайлоочу каттоодон өтсө, алардын 1040ы, башкача айтканда, 27,3 пайызы добуштарын берип бүтүштү. Кант шаардык кеңеши (11 712
шайлоочу катталган) - 1653 (добуш бергендердин саны, пайыз менен алганда 14,11%), Кара-Балта (22 823), - 3200 (14,02%), Орловка (3707) - 767 (20,69%) жана Шопоков шаардык кеңеши (4682)
- 797 (17,02%).