7-август күнү Ош облусунун Чоӊ-Алай районунда 3700 метр бийиктиктеги Ачык-Таш өзөнүндө Ленин чокусунун 85 жылдыгына арналган фестиваль өтөт. Фестивалдын алкагында улуттук спорттук оюндар боюнча мелдештер болуп, катышуучулар курман болгон альпинисттердин мемориалына бара алышат. Ошондой эле улуттук искусстводогу буюмдардын жарманке-көргөзмөсү, белгилүү эстрада жылдыздардын катышуусундагы концерт, катышуучулар жана туристтер үчүн ат менен Ленин чокусуна экскурсия уюштурулат. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, «Тез жардам» кызматынын бригадасы нөөмөткө турат. Аталган фестивалды уюштурууга жана өткөрүүгө өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан 200 000 сом бөлүнгөн.