Бишкектеги Калкты тейлөө борбору бүгүндөн баштап жаңы иш тартиби менен иштеп баштайт. Мындай маалыматты мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов май айында тейлөө борборлорунун ишин көрүп чыккан. Анда калкка ыңгайлуулукту түзүп берүү максатында тейлөө борборлорунун иштөө тартибине өзгөртүү киргизген.
"Бишкек шаарында 4 тейлөө борбору бар. Алар күнүнө 1 жарым, 2 миңдей кишини тейлейт. Мындан улам мекеменин иштөө убактысы саат 8:00дө башталып, 19:00гө чейин түшкү тамактануусуз иштей турган болуп өзгөрдү. Ошондой эле дем алыш күндөрү эртең менен саат 10:00дөн 19:00гө чейин калкты тейлейт", - деп жазылат маалыматта.
Жаңы тартипте иштей турган калкты тейлөө борборлору:
№1 - Калкты тейлөө борбору - Медеров-Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши 44/1;
№2 - Калкты тейлөө борбору - Ч.Валиханов көчөсү 2;
№3 - Калкты тейлөө борбору - Жаш Гвардия бульвары 4;
Мындан тышкары Октябрь жана Биринчи Май райондорундагы "Глобус" маркетингдеринде, "Азия Молл" соода борборундагы жайлар жаңы иш убактысы менен иш алып барат.