Ош. Мухаммед (САВ) пайгамбардын чачына зыярат кылуу таӊ атканга чейин уланат

Ош шаарындагы Сулайман тоо мечитинде Бириккен Араб Эмиратынан алынып келинген Мухаммед (САВ) пайгамбардын 1 тал чачына зыярат кылуу таӊ атканга чейин уланмакчы. Бул тууралуу шаар казысы Убайдылла Сарыбаев бүгүн, 4-августта маалымдады. рматтуу мусулман бир туугандар. Бүгүн кыргыз жергесине береке, кут конгон күн, жалпы журтка белгилүү жол башчыбыз Мухаммед (САВ) пайгамбардын 1 тал чачынын Сулайман тоо борбордук мечитине алынып келиниши жакшылыктын жышааны",- деди шаар казысы. Ошондой эле облус казысы Султан ажы Гапаров сөз сүйлөп, ыйылкы Орозо айында Кадыр түндүн эртеси Мухаммед (САВ) пайгамбардын 1 тал чачы биздин өлкөгө алынып келиниши эң чоӊ кубаныч" деди. Аталган иш-чарага Кыргызстандын муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев да катышып, пайгамбардын чачын зыяратчыларга өзү көрсөтүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан