6 айда Президенттик аппаратка 3129 жаран ар кандай арыздары менен кайрылган
Ушул жылдын 6 айында Президенттик аппаратка 3129
киши ар кандай арыздары менен кайрылган. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын
тургундарынан келип түшкөн, 1139 кайрылуу (36,4 пайыз). Ал эми Чүй облусунан
429 киши (13,2 пайыз), Ош облусунан 259 жаран (11 пайыз), Жалал-Абад облусунан
284 адам (9,1 пайыз), Ысык-Көл облусунан 180 киши (5,8 пайыз), Нарын облусунан
133 адам (4,2 пайыз), Баткен облусунан 72 жаран (2,3 пайыз), Талас облусунан 93
киши (3 пайыз) кайрылса, КМШ өлкөлөрүнөн 88 кайрылуу болгон. Бул
кайрылуулардын 1527си көзөмөлгө алынса, 1178ине (77,1 пайыз) жооп берилип,
тиешелүү аткаруу бийликтерине жөнөтүлгөн.