Бийчи жана хореограф Максат Токтоналиевдин жубайы Азада бүгүн, 25-июнда көз жарды. SUPER.KG порталы бийчини куттуктап байланышка чыкканда кыздуу болгонун айтты.
"Жубайым борбордогу төрөтканалардын биринде эртең менен саат 7:00ге жетпей көз жарды. Учурда палатага которуп, баланын салмагын, боюн өлчөп жатышат. Келинчегим менен кызымдын абалы жакшы. Көңүлүмө түйүп жүргөн ысым бар. Бирок ата-энем менен кеңешип кызыбызга чогуу ысым тандайбыз", - дейт ал.
Максат Токтоналиев сүйүктүүсүнө 2018-жылы 20-июнда баш кошкон.