super.kg logo

Бийчи Максат Токтоналиев үлпөт тоюн өткөрдү. Эки жашка Кайрат Примбердив менен Эльвира Примбердиева өкүл ата, өкүл апа болушту

 
Эки жаштын өкүл атасы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жана өкүл апасы Эльвира Примбердива
Максаттын апасы, бир тууган агасы, жеңеси (сол тарапта) жана Азаданын ата-энеси (оң тарапта)
Таттуу түгөйлөрдүн заманбап стилдеги ак бийи
Бек Исраилов жанан жубайы Айжаркын Исраилова
Атайын буюртма менен даярдалган 5 кабаттуу торт

Кыргыз шоу-бизнесинин дээрлик баарын бийлеткен "We’ll be" бий тобунун хореографы, бийчи Максат Токтоналиев сүйүктүүсү Азада менен бүгүн, 20-июнда үлпөт тоюн өткөрүп жатат. Жаш түгөйлөрдүн заманбап тою борбордогу ресторандардын биринде өтүп, ага Кыргыз шоу-бизнесинин, маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эки жаштын жакын туугандары келишти. Тойдун алып баруучусу Рүстөм Аскеналиев болду.

Алгач Азаданы атасы залга алып кирип күйөө баласынын колуна тапшырды. Андан кийин эки жаш расмий түрдө никесин мыйзамдаштырып нике күбөлүгүн алышты.

Ал эми эки жашка өкүл ата, өкүл эне болуп шайланган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жана анын жубайы Эльвира Примбердива: "Ушундай акылдуу, ыймандуу уулду да, кыздуу да болуп жатканыбызга кубанып жатабыз. Максат менен Азада биздин экинчи өкүл балдарыбыз. Баары бир ар биринин өзүнүн орду болот тура. Биринчи жолу өкүл ата, өкүл апа болгондой эле толкунданып жатабыз. Бүгүнтөн баштап чоң жоопкерчиликти алдык. Балдарыбызга ар тараптуу колдоо берип, бапестеп алабыз", - деп кубанычтарын жашыра алган жок.

Тойдун күнөөкөрлөрү Максат менен Азада бүгүнкү той шоу менен коштолорун айтышты.

"Ак тоюбузга эң жакын туугандарыбыз менен досторубузду чакырып тар чөйрөдө өткөрөлү деп чечтик. Экөөбүз ушул күнгө 1 жылдан бери даярданганбыз. Чыгармачыл адам болгондуктан тоюбуз башкача форматта болсун деп сюрприздерди даярдык", - дейт Максат Токтоналиев. Ал эми жан шериктердин жанында жүрүп, жолдоштук милдетти ырчы Раяна жана Жонни аркалады.

Тойго келгендерге эки жаш поппури менен коштолгон ак бийин тартуулашты. Андан соң ырчы Бек Исраилов жана анын жубайы Айжаркын жан шериктерге арнап дуэт аткарышты. Аны улай көп кырдуу талант ээси Аско битбокс аткаруу менен элдин көңүлүн ачты.

Эске салсак, Максат Токтоналиев 19-февралда 2 жылдан ашуун убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсүнүн колун сураган.



Бийчи Максат Токтоналиев Баткенден кыз алып, диско-той өткөрдү

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Зияш Турдубек уулу
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
21.06.2018. 00:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+6
Бактылуу болгула!
21.06.2018. 01:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 19:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салкын жай деген кафе де болуптур
22.06.2018. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
07-02-2016
Соӊку аракети:
15-09-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
aza84,салкын тор деп турат го.
21.06.2018. 03:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
518
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
03-07-2018 13:36
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул брат мага окшогон арык да эч семире албай койдук го ушул бала екобуз))кармашкан колунар туболук болсун,бактылуу болгула.
21.06.2018. 06:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
30-05-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 18:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
germahiya
+3
Zainidin96, уйлонуптур го эми точно толот! )) Бактылуу болгула!
21.06.2018. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
17-02-2017
Соӊку аракети:
18-07-2018 09:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Zainidin96, уйлонгонундо семирип аласынар
21.06.2018. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
306
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экоода апаларына оло окшош экен. Бактылуу болушсун!
21.06.2018. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
22-09-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
-3
бул братишка озунчо эле колокодо турган маникенго ак сойо болуп
21.06.2018. 13:14 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
24-03-2018
Соӊку аракети:
23-06-2018 17:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула
Super TV
25.06.2018. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
15-07-2018 01:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Бактылуу болгула, кооп балалуу болгула! Эки жакты бирдей караган жаштардан болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: