Депутат Кожобек Рыспаев: "Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе". КҮНСОБОЛ

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды.

Буга карата Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев "Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе" деген пикирде.

"Биринчиден, ал кол тийбестигинен ажырай элек. Биз өз сунуштарыбызды бердик. Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча укук коргоо органдары келип, негиздеп, тастыктап берет, анан эртең кол тийбестигин алууну сурашы мүмкүн. Биз 81 добуш менен кол тийбестигин алып беришибиз керек же алып бербешибиз керек. Прокуратура негизделген ишти бир күндө деле карайт, узак болмок эмес. Бул саясий маселе да. Ал эми тергөө иштери узак жүрүп калышы ыктымал", - дейт Кожобек Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан