Канатбек Исаев: "Атамбаевдин иши боюнча Түркияга барып келдим, жакында жооптор келет"

"Алмазбек Атамбаевге тиешелүү документтер боюнча Түркияга барып келдим, жакын арада баары такталат, жооптор келет" деп бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди.

"Атамбаевдин "китептерди сатуудан байыдым" деп айтканы калп. Эгер ал президенттикке чейин мультимиллионер болгондо, Кой-Таштагы хан сарайын мурда эле салмак. Ошондой эле парламенттик, президенттик шайлоодо кесиптештерибизден карызга акча сурабайт эле", - деди Исаев.

Буга чейин 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Канатбек Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин митингде депутаттарга карата сүйлөгөн сөзүнө жооп кайтарган. Андан соң парламентке 25-июнга чейин келбей жүргөнүн, бул аралыкта чет өлкөдө болгонун айткан.

Алмазбек Атамбаев 1989-жылдан баштап 2005-жылдын сентябрына чейин бизнес менен алектенип байыганын айткан. "Эми мен убагында өзүмдүн эмгегим менен байыгам. Бишкектеги бир нече чоң заводдор меники болчу. Майда-чүйдө ишканаларды айтпай эле коёюн. Ресторандан баштап чач-тарачка чейин бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар эле", - деген экс-президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан