Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан Бишкекте орозо туткан 150 адамга 29-июлда кечки сый тамак уюштурулду. Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия билдиргендей, ага маданият жана билим берүүнүн эмгек сиңирген ишмерлери, мугалимдер, дарыгерлер, диний өкүлдөр, акскалдар сотунун өкүлдөрү, пенсионерлер жана башкалар катышты. Иш-чара борбор шаардагы ресторандардын биринде өттү.