Экс-депутат Бактыбек Калмаматов: “Атамбаевдин окуясы боюнча келечекте ар бирибизге сабак болгудай жыйынтык чыгаруу керек”. КҮНСОБОЛ

Эртең, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча чечим чыгарат. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу процесси туура болдубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов бул маселени кароодо бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деген ойдо.

Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча учурдагы иш Жогорку Кеңеш тарабынан жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, Жогорку Кеңеш бул Кыргыз өлкөсүндөгү мыйзам чыгаруу бийлиги деп аталат. Мыйзамдардын туура же туура эместигине жооптуу орган. Ошондуктан, “казанчынын өз эрки, кулак кайдан чыгарса” дейт. Эң негизгиси учурда жүргүзүлүп жаткан иштер мыйзам чегинде болушу керек. Кол тийбестигинен ажыратуу - бул учурдун талабы.

Учурдагы бийлик Атамбаевдин кезиндеги башкаруусуна баа берип жана ал мыйзам алдында 100 пайыз жоопко тартылышы абзел. Колу менен кылган кылмыштары үчүн моюну менен жооп берүүгө тийиш. Ошол эле учурда бүгүнкү башыбыздан өтүп жаткан Атамбаевдин окуясы боюнча келечекте ар бирибизге сабак болгудай жыйынтык чыгарышыбыз керек”, - дейт Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан