Кыргызстан казакстандыктар эң көп эс алган 10 өлкөнүн катарына кошулду
“Forbes” журналынын иликтөөсү боюнча,
Кыргызстан казакстандыктар эң көп эс
алган мамлекеттердин ондугуна кирди. Кыргызстан бул тармакта Индия менен Египетти артка таштап, 8 орунда. 2012-жылы Казакстандан Кыргызстанга
келген туристтердин саны 5 753 кишини
түзгөн. Биринчи орунду Түркия мамлекети ээледи. Бул өлкөдө былтыр 219 909 казакстандык жаран эс алган. 2-орунда Кытай, 38 385 адам, 3-орунда Бириккен Араб Эмираты, 36 385 киши эс алган.