Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз аткандарга салынчу айып пулдун өлчөмү жогорулады. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Мергенчилик департаментинин директорунун орун басары Алмаз Мусаев билдирди. Маалыматка ылайык, күрөң аюу, марал, жейрен жана аркарды мыйзамсыз аткандар 400 миң сом, кундузду аткандар 200 миң сом, карышкыр, мадыл, сүлөөсүн үчүн 25 миң сом, суусарды аткандар 5 миң сом айып төлөйт. Ал эми ак илбирсти аткандар 500 миң сом айып төлөмөкчү. Айта кетсек, азыркы учурда Кыргызстанда 278 ак илбирс байыр алган.