Ош шаарында кайненеси менен урушуп кеткен келин өзүнө бычак сайды. Бул маалыматты Ош ШИИБи тастыктап, буларды билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июнда Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө дарыгерлер 30 жаштагы келин миздүү нерсе менен денесинен жаракат алып түшкөнүн билдирген. Ооруканага барган ыкчам-тергөө тобу келиндин денесине сырттан кароо жүргүзүп, тийиштүү экспертизаларды дайындашкан.
"Ооруканада жаткан келин алгачкы суракта 58 жаштагы кайненеси экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен кийин өзүнө бычак сайганын айтып берген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келин учурда ооруканада", - деп билдирет басма сөз кызматкери.