КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Алмазбек Атамбаевге карата саясий куугунтук болууда". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген соболуна КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов жооп берди.

"Бул эки достун тиреши эмес, маселе башкада. Себеби учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата саясий куугунтук болууда. Бул маселени кароонун өзү мыйзамды тебелөө менен башталды. Экс-президентке кылмыш ишин козгоо туура эмес. Бул жерде саясий жоопкерчилик боюнча айтууга болот.

Эгерде парламент акыйкаттык издеп жатса, Алмазбек Атамбаевдин башкаруу маалындагы башкы прокурорго, УКМКнын башчысына, ошол кездеги аткаруу бийлигинин жетекчилерине кылмыш ишин козгоо керек. Менимче, учурда саясий куугунтук орун алууда", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан