Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жооп берди.
"Биз баарыбыз мыйзам айдыңында иштешибиз керек. Баары Кудай астында бир болгон сыяктуу мыйзам астында бирдейбиз. Экс-президентти Кыргыз өлкөсүнүн жалпы жарандары сыяктуу эле мыйзам жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү гана токтомду кабыл алдык. Кырдаал кандай болуп кетерин билбейм, бирок баары калыс, адилет жана мыйзам алкагында чечилиши керек", - дейт депутат.