Журналист Элнура Алканова: "Атамбаев коргонуу тактикасын тандады". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратты. Буга чейин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык атайын комиссия чечимин Башкы прокуратурага жөнөткөн. Башкы прокуратуранын корутундусу чыккандан кийин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө коргоо штабы түзүлүп, боз үйлөр тигилип, тарапташтары топтолду. Мындан улам SUPER.KG порталы "Эки "достун" тиреши жарандык согуш коркунучун жаратпайбы?" деген собол салды.

АЛКАНОВА: "Атамбаев коргонуу тактикасын тандады"

Журналист Элнура Алканова азыркы жана мурдагы президенттердин тирешинен улам Кыргыз өлкөсүндө эч кандай жарандык согуш болбой турганын айтты.

"Биз эки төңкөрүштү башыбыздан өткөрдүк. Бул окуялар бийликтин ыйгарым укугунан аша чапканынан улам болгон. Кландык башкаруу, системдик, саясий каталар болгон. Азыр болсо кырдаал андай эмес. Өлкөдө абал туруктуу.

Атамбаев коркуп жатат, ал коргонуу тактикасын тандады. Анын жана тарапташтарынын пикири жалпы коомдун оюн жана маанайын билдирбейт. Атамбаев өзүн коргоого укугу бар, ал коргонот. Кошуналарын чогултуп, тамак-аш менен камсыздоо - бул анын укугу. Эң башкысы чагымчылдык болбош керек. Андай аракеттер болот, бирок укук коргоо органдары да, Атамбаевдин тарапташтары да чагымчылдыкка алдырбаш керек", - деди Алканова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан