"Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын Казакстандын аймагына өтүп жатышы мыйзамсыз. Биз бул боюнча иштерди териштирип баштагандан бери ар кандай коркутуулар болууда". Бул тууралуу Таластагы кыргыз-казак чек арасы боюнча түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Минур Сейталиев бүгүн, 5-августта маалымат жыйында билдирди. Айтымында, комиссия мүчөлөрүнө укук коргоо кызматкерлери тарабынан телефон чалуулар, коркутуулар болууда. "Көк-Сайды казак тарапка өткөрүү боюнча документке 65 кишинин колу коюлган. Бирок алардын 40тайы гана аталган аймактын жашоочулары болсо, калгандары мамлекеттик кызматкерлер болушкан. Ошондой эле 5 киши буга каршы болуп кол коюшкан эмес",- дейт ал.