Вице-премьер БУУнун өкүлдөрү менен мектептерде тамактанууну жакшыртуу маселелерин талкуулады

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аймактык директору Андреа Баньоли жана "Тармактык тамактануу институту" автономдук коммерциялык эмес уюмунун президенти Владимир Чернигов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда тараптар республикадагы мектептерде тамактанууну өркүндөтүү, жалпы билим берүү мекемелеринде тамактануунун сапатын жакшыртуу, укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү, мектептерде тамактанууну оптималдаштыруунун "жол картасын" кабыл алуу жана мектептерди ысык тамак менен кеңири камтуу маселелерин талкуулашты.

"Кыргыз өкмөтү тарабынан донорлордун жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун күчү менен республиканын көпчүлүк мектептеринде 1-4-класстардын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулду. Ошол эле учурда биздин түпкү максат – бардык мектептерде ысык тамак уюштуруу", - деди вице-премьер-министр.

Сүйлөшүүдө тараптар тамактануу рационун жакшыртуу, жалпы билим берүү уюмдарынын ашканаларынын материалдык базасын бекемдөө жана модернизациялоо, тамактануу маданиятын жогорулатуу жана туура тамактануунун маанилүүлүгү тууралуу ата-энелер жана окуучулар арасында тутумдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелерине токтолушту.

Өз кезегинде "Тармактык тамактануу институту" автономдук коммерциялык эмес уюмунун президенти Владимир Чернигов начар тамактануу баланын өнүгүүсүнө таасир берерин баса көрсөттү.

Анын пикиринде, балдардын тамактануу рационуна чоң көңүл буруу керек. Бул баланын организмине кандай витаминдер жана минералдар жетишпей турганын аныктоого, ага жараша балдар үчүн тиешелүү менюну түзүүгө жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан