Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "депутат Искендер Матраимов парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан кетти" деген маалыматты таратып, бирок көп өтпөй буга чейинки маалыматын жокко чыгарды.
"Аталган комитет менен байланышып сурасам, Матраимов кызматтан кете элек дешти. Жакында Самаев комитеттин төрагасынын орун басары кызматына шайланган. Эми комитеттин төрагасынын эки орун басары болот", - деп SUPER.KG порталына парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Кечээ, 27-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Урмат Самаев ("Кыргызстан") шайланган. Бул комитеттин төрайымы - "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко.
Буга чейин 3-июнда Искендер Матраимов "Азаттык" радиосунун иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүдө кызыкчылыктардын кагылышы жаралбашы үчүн парламенттеги комитеттин төрагасынын орун басарлыгынан кетүүгө даяр экенин билдирген. "Азаттыктын" 29-майда жарыяланган иликтөөсүндө өлкөнүн аймагынан чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун катыштыгы бар экени айтылат.