Ырчы Арсен кыздуу болду. Анын жубайы Бегайым 29-июнда көз жарды. Жагымдуу кабарын күйөрмандары менен бөлүшкөн ырчы жубайына ыраазычылыгын билдирди.
"Келинчегим бүгүн саат 2лерде төрөдү. Буюрса абалы жакшы. Кызымды мага окшотуп жатышат. Азырынча түшүнүксүз сезимдер болууда. Атын ким коёрубузду акылдашып жатабыз. Бою 53 сантиметр, салмагы 3 килограмм 600 грамм болду",- дейт ырчы.
Түгөйлөр 2018-жылы июль айында баш кошушкан. Маалымат толукталат.