Токмокто 20 адам ууланды. Алар 29-июнда тойго барышкан

Чүй облусунун Токмок шаарында 20 адам тойдон кийин ууланган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-июлда Токмок шаарынын ооруканасына 20 адам кайрылган. Алардын 16сы амбулатордук жардам алып үйлөрүнө жиберилген. Ал эми 4 адам ооруканага жаткырылган, абалы орточо деп бааланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча ууланган жарандар 29-июнда тойго барышкан.

"Азыркы учурда атайын дарыгер ооруканага кетти. Кененирээк маалымат дагы берилет", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан