Ат-Башыдан Суусамырга ак түстөгү Ниссан Террано унаасы менен чыккан 5 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу дайынсыз жоголуп жаткандардын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, унаанын ичинде 4 чоң киши жана 1 бала болгон. Үй-бүлө Суусамыр өрөөнүнө 30-июнда таңкы саат 4:00төр чамасында Кааба уулу Кожомкулдун 130 жылдык мааракесине кетишкен. Ошол эле күнү кайтып келишмек.
"Акыркы жолу бизге Жумгал районуна жеткенде байланышка чыгышкан. Ошол бойдон эч кандай маалымат жок. Алар Суусамыр өрөөнүнө жетишпептир. Айрым адамдар унаанын сууга түшүп кеткенин көргөнбүз деп жатышат", - деп билдирди жакындары.
Дайынсыз болуп жаткан адамдардын жакындары унааны көрүп, кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдарга 0 (555) 484 883 телефон номери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.